Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалардын жүгүнүн салмагын көзөмөлдөө уланууда
Кыргызстанда 2014-жылдын июль айынан баштап Салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгы системиндеги коррупциялык фактыларды жоюуга багытталган иш-чаралар өтүүдө. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, өткөн жылдын экинчи жарымында атайын жүктөрдү ташууга уруксат берүүчү документтерди берүүдөн бюджетке түшчү киреше эки эсе көбөйгөн.
"Кыска убакыт аралыгында Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарында салмак-габариттик көзөмөл пункттары курулуп, ишке берилди. "Кемин", "Сосновка", "Кызыл-Адыр", "Ноокат" жана "Жаңы-Арык" салмак-габариттик көзөмөл пункттарынын иши автоматташтырылган системге кошулду. Бул систем өткөрмө пункттарындагы керектүү маалыматтарды жана видеоматериалдарды сактап калууга мүмкүндүк берет",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

