super.kg logo

Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө башкы прокурордун тууганынын тиешеси жок экендиги тууралуу билдирүү жасады

 

19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калый Саляновдун жана буга чейин ысымдары аталган жарандардын тиешеси жок экендиги аныкталды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 6-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

“Бул кылмыштын бетин ачуу максатында бир катар иштер жүргүзүлдү. Учурда иликтөө иш-чаралары уланууда. Сот органдары тарабынан санкция берилген 500гө чукул уюлдук телефондордун абоненттери текшерилип, каза болгон кыздын интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү баракчалары боюнча азыркыга чейинки текшерүүлөр жана аныктоолор жүрүүдө. Тергөө амалдарынын алкагында жүздөгөн адамдар суракка алынып, күбөлөр өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бирок бүгүнкү күндө конкреттүү түрдө аталган кылмышка тиешеси бар жарандар кармала элек. Тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен иликтөөнүн жүрүшү боюнча толук маалыматтарды бере албайбыз” деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча оперативдик издөө-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан. 

Эске салсак, Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында Бишкек шаарындагы Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. 16-март күнү анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(32)
06.01.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Калый Саляновдун эжеси Аида Салянова АШАнын он колу болуп атса албетте куноолу эмес чыгатда. АША Аида Салянованы президент болом десе колдойум деген, анын бир тууганын кантип колдобосун.
06.01.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эгер ошол жерде карапайым адам Камиланы олтургон болсо эчак эле табылмак. Бул жерде ишти жаап,жашырчудай бирдеме бар го. Толук бир жыл болду. Ушуга чейин бир да адам шектүү катары кармала элек.
06.01.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жым жым кылган экен кайран
06.01.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Болду эми унуткула! Бул иш ошону менен жабылды болуш керек, бизде качан эле акчасы таанышы барлар камалып кетчи эле...
06.01.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудай озу жазаласа экен куноолулорду.
06.01.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бугунку кундо КРда катталган оор кылмыштардын бети
ачылбай келет, буга емне себеп албетте КОРРУПЦИЯ(пара беру менен иш бутурушот).
06.01.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Atas, дагы уялбай коррупция мн курошобуз дейт АША,кайра ушул келгенден бери коррупция гулдой осту,
06.01.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул иштин жыйынын кутпой эле койолу, кылмыштын бети ачылбайт эми.
06.01.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruuzat88, туура айтасын,ачылбайт
06.01.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Atas туура айтасын азыр Кыргызстанды озунчо эле мафия башкарып аткандай.
06.01.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачылсадагы башка бироо болот. Ошол олтургон адам биздин арабызда эле
06.01.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ачылбаган кылмыш болбойт. Болгону бурмолоо жана жаап коюу болот.
06.01.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул кылмыш качан президент алмашса ошондо ачылат
06.01.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата-энесине эле кыйын болду. Эмне деген үмүт менен өстүрүп, окутуп атышканда. Кудайдан коркпогон адам экенсиңер бийликтегилер, жазаңарды ушул дүйнөдө тирүүлөй тартасаңар экен.
06.01.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
бул кыз ким озу,депутаттын же бир шишканын кызыбы?мен эч билалбай койдум ,айтып койгулачы сураныч,ким болдукен ушул кыз???
07.01.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tukeler, ой жонокой эле адамдын кызы. Ата эне синин ыйлаганын коруп журок ооруйт. Анан минтип баскан турганы депутат сепутат, шишкалар болуп атпайбы
06.01.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
19 жаштагы кыздын 50дөн өткөн адам менен үч жылдан бери тааныш болуусу, түн жарымында акча сурап чалуусу, кафеден кафе кыдыруусу көптөгөн суроолорду жаратат... "Көп баскан аяк,бок басат" деген ушул. Балдарыбызга ыйман менен акыл берсин.
06.01.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aitunuk, сиз эн туура айтасыз,атасындай адам м.н байланышканга ким жол берди????
06.01.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шордуу кыз экен бул да,коп баскан аяк чок басат болгон го...
07.01.2015. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтунук сен кайдан билесин тун жарымында акча сурап чалганын
07.01.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atambai, Ар бир жанылык ты кунт коюп окусан
07.01.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындан мурунку жарыяланган жанылыктарда жазылган,сурак учурунда салянов менден акча сурап чалган деп айткан создору бар,ачык айкын коруп ,билип турсада орган кызматкерлери эчтеке кыла албайт ,себеби кылмыштын бетин ачкан адам ошо куну озуно коркунуч келерин билет.....
07.01.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атасындай адамдар менен мамиле кылып, алардан акча алып .... Тобооо башында аябай кейидим эле, жакшынакай кыз экен деп. Корсо.... Биз билбеген дагы канча сырларын бар эле бу кыздын... Канча адамды азапка салып кеткени аз келгенсип минтип....
07.01.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир менин жазган коментарийим жоголуп кетти
07.01.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби, Саламатсызбы!
Кандай катачылык чыгып жатат? Балким сиз жазганыңызды жөнөтпөстөн баракчаны жаңылап салгандырсыз.
07.01.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин оюмча байкесин пайдаланып Аида Салянованы жумуштан кетишине шарт тузушкон жокбу.Камила деген кыз ким? Ал байкуш кызды бейкуноо олтурушуп байлык, бийлик же болбосо оздорунон аркасын ойлоп жакшы иштеген адамды жаман корсоткулору келдиби ,же болбосо канчалаган адамдарды олтуруп кетип атышат мынчалык ызы-чуу кылган эмес эле го. Азыр интернет газета,журналдардан тушурбой ал кыз жонундо жазып келишет. Башка жабырланган адамдарды да ушундай издешсе кандай жакшы болмок.
Саби түзөттү 07.01.2015 16:04
07.01.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба жонотпой обновл кылып койгон окшойм.Рахмат бат жооп бергенинерге.
07.01.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир күн келип бир бечераны мойнуга алдыратда бул ишти жаап кутулат ИИМри Андай кылбаса болбой калды күнөөлүүлөрдү эчека еле таап акчасын алып койгондор....
07.01.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ал соссузда пока власть колдо турганда аппак болуп чыгатта тварлар кыргызстанда чындык болгон эмес не когда
07.01.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы жалгандарды айтып куноонорго куноо кошпой эле койгула убагы келсе чындыктын суусун тамчылатып ичсенерда тамагынарды жарып кетет... бул кылмыштин бети ачылбайт тамыры дениздин тубундо жатат... бирок ото окунучтуу алланын сурагында кантип жалган айтат экенсинер...
07.01.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуптур да.
07.01.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да,жаткан жери жайлуу болсун.Отуп кеткен маркумдун артынан болбогон кептерди айтып кереги жок деп ойлойм.Ар бирибизде эже-синдилер,кыздарыбыз бар дегендей.Ким кылса да,кудай аны бат эле жазалап коет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: