Абдулмухтар Анарботоев Исфана шаарынын мэри болуп шайланды
Абдулмухтар Анарботоев Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлү Шарабидин Сайдуллаев SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 6-январда өткөн мэрлик кызматка Абдулмухтар Анарботоев жалгыз талапкер болгон. Шаардык кеңештин 31 депутатынын ичинен шайлоого 29 депутат катышкан. Натыйжада 27 депутат "макул" деп добуш берген. А.Анарботоев буга чейин Бишкектеги Биринчи Май райондук салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Лейлек райондук салык башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

