super.kg logo
  Саясат  

Марат Турдубаев Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды

 
Марат Турдубаев Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу 6-январда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаары боюнча атайын өкүлү Капар Акматбек уулу билдирди.
Маалыматка караганда, шайлоого шаардык кеңештин 30 депутаты катышкан. "Шайлоонун жүрүшүндө Данияр Бекбашев - 7, Алмаз Сагынбеков - 6 жана Марат Турдубаев 17 добушка ээ болду. Шайлоо БШКнын 133 токтомуна ылайык өткөрүлдү. Алгач талапкерликке 5 киши документ тапшырган. Акыркы күн деп 27-декабрь белгиленип, ага чейин тапшырган 3 адамдын документи жарактуу болгон. Шайлоо таза жана чыр-чатаксыз өттү. Өкмөт башчы токтом чыгаргандан кийин жаңы шайланган мэр ишине киришет",- деди Капар Акматбек уулу. 
Марат Турдубаев 1962-жылы туулган. Ал Балыкчыдагы "Темир-бетон" ачык акционердик коомун жетектеп келген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: