super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, борбордогу үйлөрдүн биринин 220 чарчы метр чатыры күйдү

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 7-январдан 8-январга чейин, эртең мененки саат 08:30га дейре өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. 

Бишкек шаарындагы Ынтымак жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен турак үйдүн 220 чарчы метр чатыры толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мешти пайдаланууда коопсуздук эрежесин бузуу себеп болгон. Ошондой эле Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында аянты 16 чарчы метр азык-түлүк сатуучу дүкөндөн өрт чыкты. Анын кесепетинен дүкөндөгү азык-түлүктөр күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: