super.kg logo
  Саясат  

Чүй облусундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилди

 

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 8-январда Чүй облусундагы Чүй жана Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, анда электр энергиясына болгон тарифтер, жеке турак жай үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, сугат системдерин калыбына келтирүү, бала бакча, мектептерди куруу, сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. 

Айрымдары Искак Раззаков атындагы университеттин Токмоктогу филиалынын жабылып жатышына нааразы болушту. Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева ЖОЖдорду реформалоо үчүн филиалдар кыскартылып жатканын билдирип, окуп жаткан студенттер окууларын бүтүрө тургандыгын айтты.

Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма берилип, аны парламент көзөмөлгө алмакчы болду.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 8-9-10-январь күндөрү өлкө аймагында шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: