"2015-жылы "Дордой" футболдук клубу 3 кубок утууну, АФКнын Кубогунда ойноону максат кылат" дейт машыктыруучу







"2015-жылы "Дордой" футболдук клубу Кыргызстандын Кубогун, өлкө чемпиондугун жана Суперкубокту утууну, АФКнын Кубогунда тайпалык баскычта ойноону максат кылат. Ошондой эле АФКнын Чемпиондор Лигасына катышуу аракетин көрөбүз. Бул максаттарды колдобой турган же болбосо "буга клубдун күчү жетпейт" деген ойдогу футболчулар болсо, азыр айтканыңар оң! Анткени буга ишенбегендер ийгилик да алып келе алышпайт. Биз команда болгон соң, максатыбыз жана алган багытыбыз бир болуш керек",- деди бүгүн, 8-январда башкы машыктыруучу Завиша Милославльевич 2015-жылга карата планды оюнчуларга айтып жатып.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Анын айтымында, "Дордой" АФКнын Кубогунун тандап алуу туруна даярдыгын ушул күндөн баштайт. Ошондой эле жакынкы аралыкта Түркияда машыгуу сборун өткөрүү, жолдоштук беттештерди өткөрүү пландары бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zarbaliktik

08.01.2015. 19:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандагы болгон мыкты оюнчуларды чогулттунар. Планынарды оной аткарасанар болот. Звезда болбой стабильно оюн корсоткуло. Азия кубогуна тайпа баскычына чыкпасапнар таркап элэ кеткиле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.