super.kg logo
  Саясат  

“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Алмазбек АтамбаевКоомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” документке кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Бул тууралуу 8-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам аны “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү, ошондой эле Жогорку евразиялык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы №74-чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын (жол картасын) санитардык чараларды колдонуу бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөлдү уюштуруу каралган. 

Ушул мыйзамдын 2014-жылдын 29-майындагы "Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө" келишимге "Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" келишим мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарын, 8-пунктунун экинчи-бешинчи абзацтарын жана 9-пунктун кошпогондо, ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: