Эльвира Сариева иш сапарынын алкагында Латвиядагы окуу жайларда болду
Бүгүн, 8-январда КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева иш сапарынын алкагында Латвиядагы окуу жайларда болду. Ригадагы "Золитуде" гимназиясында мектептердеги мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектептердин каржы жактан өз алдынча болуусу, көп тил билүү менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Мындан сырткары жолугушууда мектепке кирүүдөгү ачыктык, ата-энелер менен иштешүү, мектептердин рейтинги жөнүндө айтылды. Ал эми мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын иши менен таанышууда мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо жагы каралды. Эльвира Сариева Латвиянын Илимдер академиясы, Илим боюнча латвиялык кеңештин өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуу системи менен таанышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

