super.kg logo
  Саясат  

Чүйдө тубаса майып балдарга билим берүүчү борбор ачылды

 
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы “Нурани” балдарга инклюзивдүү билим берүү борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Борбордун директору Нурания Касымованын маалымдашынча, бул билим берүү борбору өзүнүн жеке үйүндө курулуп, 100 балага ылайыкташтырылган. Азыркы тапта борборго 22 бала катталган. Айтымында, борбор тубаса майып (ДЦП синдрому коштолгон) балдарга багытталган. “Албетте, биз эч кимден баш тартпайбыз, бардык муктаж болгондорду кабыл алабыз. Биз үчүн эң башкы милдет - балдардын интеллектуалдык дареметин ачуу, аларды бутуна тургузуу”,- дейт ал.

Депутат И.Карамушкина реабилитациялык борборлордун саны арбып жатканына карабастан, майып балдар менен иштөө усулу жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпагандыгын баса белгиледи. “Мындай борборлордун ачылышы жалпы коомчулук үчүн үлгү катары кызмат кылышы керек. Бийликтин жергиликтүү органдары уюштуруучуларга жигердүү колдоо көрсөтүштү, биз бардык бюрократиялык жагдайлардын чечилишин тездетүүгө аракеттендик”,- дейт депутат. Эл өкүлү мындай жагдайларга жергиликтүү коомчулук, жеке демөөрчүлөр тараптан колдоо өтө зарыл экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: