super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "өлкөдө митингдердин улам азайып жатышы элдин бийликке ишеними көбөйгөнүн билдирет" деген ойдо

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен ички иштер министри Мелис Турганбаев 8-январда укук коргоо органдарынын 2014-жылкы ишинин жыйынтыгын талкуулашты. Өкмөт башчы былтыр укук коргоо органдарынын ишинде алдыга жылыштар болгонун белгилеп: "Мурдагы жылы өлкөдө 2 миңдей митинг болсо, былтыр бул көрсөткүч бир нече эсеге азайды. Элдин бийликке болгон ишеними көбөйдү",- деп билдирди. 

Өкмөт башчы укук коргоо органдарынын коомчулук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыгын күчөтүү зарылчылыгын айтты. "Милиционер мугалим жана дарыгер сыяктуу эле коомчулук, карапайым адамдар менен тыгыз байланышта. Ошондуктан жарандардын бүтүндөй мамлекеттик бийликке болгон мамилеси анын ишке болгон мамилесинен, кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Жыл ичинде башталган реформаларды чечкиндүү улантууңузду өтүнөм. Тоо-кен иштетүү долбоорлоруна байланыштуу көйгөйлөргө да өзгөчө көңүл буруу керек, мында баары мыйзамдын чегинде гана жүрүшү шарт",- деди Оторбаев.

Премьер-министр инвестиция жана турист тартуу үчүн 2015-жылы өлкөдө саясий стабилдүүлүк болушу маанилүү экенин кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: