super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуусуна байланышкан мыйзамдардын пакетине кирет.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, Бажы союзунун тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (ТЭИ ТН) колдонуусу каралат.

Ошондой эле мыйзам менен алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: