super.kg logo
  Саясат  

Майлуу-Суу шаарынын тургундары шаардын абалына байланыштуу кошумча төлөмдөрдү талап кылышууда

 

Майлуу-Суу шаарынын тургундары экологиялык жактан булганган шаар катары кошумча төлөмдөрдү берүүнү талап кылышууда. ЖКдан билдиришкендей, мындай сунушту тургундар 8-январда депутаттар Токтогул Туманов жана Нурбек Касымбеков менен жолугушууда билдиришкен. Майлуу-Суу шаарынын тургундары жол, таза суу сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүп, лампа заводун жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу, стратегиялык объектилерге мыкты кадрларды дайындоону да сунушташты. 

Базар-Коргон районунун тургундары райондук архивдин имараты 2010-жылы өрттөнүп, документтер күйүп кеткендиктен, пенсияга аз акча менен чыгып жаткандыктарына нааразы болушуп, муну чечүүнү суранышты.

Айта кетсек, парламент депутаттары 8-10-январь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: