super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Нотариат институтунун абалы жана келечеги" деген темада семинар өттү

 

Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке нотариустарына карата "Нотариат институтунун азыркы учурдагы абалы жана келечеги" деген темада семинар өткөрдү. Семинардын максаты - нотариалдык биримдикти камсыздоо жана ишмердүүлүктү өркүндөтүү. 

Аталган башкармалыктын башчысы Марипа Сейдалиева Нотариат институтунун азыркы абалы боюнча маалымат берип, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору боюнча пикирин айтты.

Семинардын жүрүшүндө Юстиция министрлиги тарабынан Мамлекеттик жана жеке нотариустардын иш-аракетине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы айтылды.

Нотариустардын иш-аракетинин жыйынтыгы боюнча өз ишин жоопкерчиликтүү алып барган кээ бир нотариустарга атайын наамдар ыйгарылып, сертификаттар тапшырылды жана 2015-жылга карата нотариалдык иш-аракеттерди өнүктүрүү боюнча ойлор айтылды.

Семинарга мамлекеттик жана жеке нотариустардын, Эсептөө палатасынын, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышканын Юстиция министрлиги 8-январда билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: