Өкмөттүн резервдик фондунан Ош облусунун 2 аймагына ун жөнөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдик фондунан бөлүнгөн ун Ош облусунун 2 аймагына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагына 50 тонна жана Кызыл-Жар айыл аймагына 100 тонна ун жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 3 КамАЗ жана 3 Хово унаасы бөлүнүп, 8-январда аталган аймактарга жөнөп кеткен. Эске салсак, буга чейин Алайкуу өрөөнүнө да 70 тонна ун жеткирилген.
Белгилүү болгондой, өкмөткө караштуу Материалдык резервдик фондунан бөлүнгөн ундар КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Жардам көрсөтүү” жөнүндөгү №1062-буйругуна ылайык аткарылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















