super.kg logo

Бүгүн Бишкекте эки унаа кагышып, айдоочу набыт болду

 

Бүгүн, 9-январда саат 01:40 чамасында Бишкекте эки унаа кагышып, айдоочу набыт болду. Бул тууралуу ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы Бахром аттуу жаран Мерседес-Бенц S600 унаасы менен Горький көчөсүндө батышты карай бара жаткан. Ал 37 жаштагы Тимур аттуу жаран айдап бараткан Сеат-Толедо үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Сеат-Толедонун айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган. Башка айдоочу ооруканага жеткирилди. Жол кырсыгы боюнча документтер Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: