“Барселонанын” мурунку дарбазачысы Виктор Вальдес англиялык “Манчестер Юнайтед” клубунун курамына кошулду

Учурда кышкы трансфер кызуу жүрүп жатат. Бул трансферлердин алкагында “Барселонанын” мурунку дарбазачысы, каталондук клуб менен келишими аяктаган Виктор Вальдес англиялык “Манчестер Юнайтед” клубунун курамына кошулду. 32 жаштагы дарбазачы англиялык клуб менен 1,5 жылга келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, учурда “Манчестер Юнайтеддин” №1-дарбазачысы катары испаниялык Давид де Хеа ойноп келет. 2002-2014-жылдар аралыгында “Барселонанын” курамында ойноп келаткан В.Вальдес бул жылдар аралыгында 6 ирет Испания чемпиондугун, 3 ирет УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.