Кыргызстанда 1 жыл 8 айда улуттук 11 долбоор ишке ашырылганы айтылды
Кыргызстанда 2013-жылдын январынан 2014-жылдын август айына чейин 77 улуттук долбоордун ичинен 11и ишке ашырылды (суммасы 288 миллион доллар). Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди. Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында өкмөт бир катар улуттук долбоорлорго басым жасай турганы айтылды. "7,1 миллиард доллар суммасындагы 24 долбоорду ишке ашыруу аракети башталды. Мындан тышкары дагы 23 долбоор боюнча даярдык иштери жүрүүдө, суммасы 2,5 миллиард доллар",- деп билдирди өкмөт.
Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону 200 миллион долларга чейин көбөйткөнү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

