Февраль айынан тартып электр энергиясына болгон баа төмөндөйт
Электр энергиясына болгон баа ушул жылдын февраль айынан баштап төмөндөйт. Муну өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев 9-январда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Бул Казакстандан алынып жаткан импорттун көлөмү азайтылгандыгына байланыштуу. Маалым болгондой, калк электр энергиясын 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланса, 182 тыйындан төлөйт. "Ал эми 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор үчүн жаңы тарифтер иштелип чыкканча 70 тыйындан гана берилип турат",- деди Элебаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















