Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрү 1 миллион 171 миң гектар аянтка себилет
2013-жылы 1 миллион 171 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрү себилет. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 6,3 миң гектарга көптүк кылат. Мындай маалыматты бүгүн, 6-февралда ЖКнын жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев айтты. Министрдин айтымында, башка өсүмдүктөрдү айдоо аянттарын кыскартуу менен буудайдын аянттары көбөйтүлмөкчү. Ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктар бул жылы эрте башталып, өкмөттүн астына тамак-аш коопсуздугу башкы маселе катары коюлуп, тиешелүү штабдар түзүлгөнүн билдирди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

