Казакстан Кыргызстанга берчү электр энергиясынын баасын кымбаттатты
"Казакстандан алынып жаткан электр энергиясынын баасы кымбаттады. Бул доллардын курсунун көтөрүлүп жатканына байланыштуу",- деп билдирди Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев. Бул тууралуу чиновник бүгүн, 9-январда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстан импорттук бааны теңге менен бекиткен.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Биз импорттук келишимди ай сайын өзгөртүп бекитип жатабыз. Ал эми доллардын курсу өсүп жаткандыгына байланыштуу Казакстан тарап 1 киловатт-саат электр энергиясын 0,7 теңгеге көтөрдү. Биз ага карабай керектөөчүлөргө светти ай сайын арзандатып берип турууну пландап жатабыз. Февраль айында 700 киловатт-сааттан ашык жаккандарга 1 сом 82 тыйындан берсек, март, апрель айларына 1 сом 75 тыйын же 1 сом 65 тыйынга түшүп калышы мүмкүн",- дейт агенттиктин башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

