super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Ардагерлер кеңешин кайра шайлоо боюнча демилгечи топ маалымат жыйын өткөрдү

 
"2012-жылдын 31-октябрында болуп өткөн Ардагерлер кеңешин шайлоо пленуму мыйзамсыз өттү" деген демилгечи топ 6-ноябрда “Нарын-KG” медиаборборунун кеңсесинде маалымат жыйын өткөрүштү. Демилгечи топтун курамында куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана “Ооган”, “Чернобыль”, “Баткен” коомдорунун ардагерлери бар. Нааразычылык туудурган тараптын айтымында, 31-октябрда белгиленген Нарын облустук согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун Ардагерлер кеңешинин пленуму пикир келишпестигинен эки топко бөлүнүп, пленумдун 25 мүчөсүнүн бардыгы эмгек ардагерлеринен дайындалган. Пленумга Нарын шаардык мэриясынын коргоо иштери жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы М.Бабаевдин ооз эки айтуусунда, 11 мүчөсү келип, форум болбой калган. Облустук администрациянын аппарат жетекчиси Ж.Субакожоев пленумда эмгекчилердин ардагерлерин өзүнчө бөлүп кеткен. Кыргыз Республикасынын “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер” жөнүндөгү 1996-жылдын 8-майындагы №14- мыйзамынын 5-беренесинин негизинде пленумдун 25 мүчөсүн ар бир тармактын Ардагерлер кеңешинен дайындалышы шарт. КРнын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбековдон Нарын облустук согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлери кийинки кезексиз пленумду 2012-жылдын 20-ноябрында өткөрүүгө көмөк көрсөтүп берүүсүн сурайт.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: