Дастан Жумабеков Таластагы 100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты
Бүгүн,
9-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Талас облусунун Кара-Буура
районунун бир катар айылдарын кыдырып, тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Белгилүү болгондой, эл өкүлү Бакайыр
айылындагы республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантынын эсебинен курулган
100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты.
Мындан сырткары аталган райондун Кара-Буура айылындагы А.Умарбеков атындагы мектептен да кабар алды. Маалыматтарга ылайык, мектеп 1979-жылы курулган. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мектеп имаратына окуу процессин жүргүзүүгө тыюу салганына карабастан, башка мектеп имаратынын жоктугунан бүгүнкү күндө 275 окуучу окуусун улантууда.
Айыл тургундарынын, мектеп жамаатынын өтүнүчтөрү менен депутат Д.Жумабеков жаңы мектеп курууну 2015-жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар менен курулуучу объекттердин тизмесине киргизүүгө аракеттенерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

