Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан 9 жаштагы бала жабыркады
Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан 9 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 8-январь күнү саат 13:30 чамасында 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну өз унаасы менен 9 жашар баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен жараат алып, №3-балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаа айып жайга токтотулган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.