super.kg logo
  Саясат  

Көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн өкмөттө атайын программа даярдалууда

 
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 9-январда көмүскө экономиканын деңгээлин түшүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында 2015-2017-жылдары көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча өкмөттүн программасынын долбоорун даярдоо үчүн комиссия түзүлгөнү айтылды. 
"Бул багытта биз негиздүү жана ишке жөндөмдүү планды иштеп чыгышыбыз зарыл. Соода, кызмат көрсөтүү, курулуш тармагында ири резервдер бар. Расмий маалыматтар боюнча, көмүскө экономиканын деңгээли 39 пайызды түзөт, иш жүзүндө мындан да жогору. Эгемендик алгандан бери көмүскө экономиканын айынан өлкө бюджетине болжол менен 201 миллиард сом киреше түшпөй калган",- дейт Сарпашев. 
Аталган программанын долбоорун иштеп чыгууга эки айлык мөөнөт берилди. Программа боюнча сунуштарды айтууну Сарпашев мекеме башчыларына билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: