Кыргызстандын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү кирди
Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган мызамдын максаты - жарандардын адилеттүү сотко карата укуктарын камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын Жазык-процесстик кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү. Муну ишке ашыруу боюнча мыйзамда тергөөчү жазык ишин козгоодон баш тартканда, даттануунун тартибин түшүндүрүү менен токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз берүүчүгө жиберүүгө милдеттендирилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

