super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарынын тургундары электр энергиясына болгон төлөмдөр туура эмес эсептелип жатканын айтышууда

 

Жалал-Абад шаарынын тургундары электр энергиясына болгон төлөмдөр туура эмес эсептелип жатат деп нааразы. Мындай пикирди алар 9-январда Жалал-Абад шаарында парламент депутаттары Токтогул Туманов жана Нурбек Касымбеков менен жолугушууда билдиришти. 

Жолугушууда жергиликтүү тургундар "электр энергиясын жазып эсептөөчү кызматкерлер электр кубатын пайдаланууда 700 киловаттан ашкан учурда 2 сом 5 тыйындан төлөө системин туура эмес эсептеп жатышат" деген дооматтарын коюшту. Депутаттар бул маселени жакшылап иликтеп, толук маалымат алып бермей болушту.

Мындан сырткары шайлоо системи, биометрикалык маалыматтар сындуу маселелер менен катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлгөнүн билдирет ЖКнын маалымат кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: