Ошто жол кырсыгы катталып, 3 адам ооруканадан каза тапты
9-январь күнү Ош-Өзгөн унаа жолунда жол кырсыгы катталып, түрдүү жаракаттардан улам 3 адам ооруканадан каза таап, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 00:30да Ош облусунун Өзгөн районунун 36 жаштагы тургуну Дамил мас абалында Мерседес-Бенц-300 үлгүсүндөгү унааны айдап баратып Деу-Тико унаасы менен кагышкан. Деу-Тико ары жылып, эки жөө адамды сүзгөн. Жыйынтыгында ал унаанын айдоочусу, унаадагы дагы бир жаран жана жөө жүрүүчүнүн бири ооруканадан каза болушту. Учурда иликтөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Кудай Таала рахматына алсын каза болгондорду.