Парижде террордук актты уюштурган ага-ининин өлтүрүлгөндүгү айтылууда








"7-январда Франциянын борбору Париж шаарында "Шарли-Эбдо" журналынын кеңсесине кирип, кызматкерлерин аткылап салган" деп шектелген ага-ини Шериф жана Саид Каушилер өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар Франциянын ИИМине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынды
Маалыматтарга ылайык, террорчуларды кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулган. "Мындан тышкары кечээ, 9-январда кечке жуук Каушилердин жардамчысы делген Амеди Кулибали Париждин чыгыш бөлүгүндө жайгашкан дүкөндө 10 чакты адамды барымтага алган. Аларды бошотуу операциясынын жүрүшүндө 4 адам набыт болуп, алардын арасында Кулибали да бар. Дагы 4 адам жаракат алган",- деп жазышты басылмалар.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган. Эртеси күнү президент Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы Франсуа Олландга аталган террордук актка байланыштуу көңүл айткан. Андан соң кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынч митинг өткөрүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Бир кумалак чиритет!
Алар террор эмес. Алар нукура мусулмандар. Мухаммед (САВ) карикатурасын тарткан, ислам динин мазактоо бул соз эркиндиги эмес, бул шылдындоо болуп саналат.
Франция учун гейлерди колдоо, педофилияны закондоштуруу соз эркиндиги. Еврейлерге мин ххххххх.
кылып атат мунун баарын деп дүйнө жүзү безилдейт..сакалчандын баары эле мусулман дегени эместа..