Футбол боюнча Азия чемпиондугу: Бахадыр Кочкаров тейлеген беттеште майдан ээси Австралия Кувейт курамасын 4:1 эсебинде утту
















Кечээ, 9-январда Австралияда футбол боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Мелдештин ачылыш аземинен кийин “А” тайпасында үй ээси Австралия менен Кувейт курамасы ойноп, австралиялыктар 4:1 эсебинде жеңишке жетишти. Ошондой эле Түштүк Корея курамасы Оманды 1:0 эсебинде утту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул Азия чемпиондугуна 16 команда катышууда. Алар төрт-төрттөн болуп 4 тайпага бөлүнүшкөн. Кыргызстандыктар тандоо турунда эле утулуп, мелдештин финалдык баскычына чыгуу укугунан айрылышкан.
Кошумчалай кетсек, алгачкы беттешти өзбекстандык футбол калыстары Равшан Ирматов, Абдухамидулло Расулов жана кыргызстандык Бахадыр Кочкаров тейледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ruslan_d

10.01.2015. 15:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бахадыр ийгилик сага, кыргыз желегин желегин желбиретип журо бер!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.