super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2014-жылы жайыт акы катары 130 миллион сом жыйналды

 

Кыргызстанда 2014-жылы Жайыт комитеттери жайыт акы катары 130 миллион 031 236 сом жыйнашты. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдиргендей, бул сумма былтыркыдан 17 пайызга же 19 миллион сомго көп. "Айыл жериндеги Жайыт комитеттери жыл өткөн сайын жайыт пайдалануу графигин түзүү ишин жакшы өздөштүрө башташты. Жайыт пайдалануучу болгон айылдыктар жайыттарга бара турган жолдор оңдолуп, көпүрөлөр салынып, инфраструктура жылдан-жылга жакшырып жатканын белгилешүүдө",- деп билдирет министрлик.

2014-жылы жайыт акы боюнча Ош облусу 25 миллион 606 700 сом, Жалал-Абад облусу 23 миллион 803 500 сом, Чүй облусу 21 миллион 600 000 сом, Нарын облусу 21 миллион 350 000 сом, Ысык-Көл облусу 19 миллион 322 800 сом чогултканы айтылды.

Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга республиканын Жайыт комитеттери 2014-жылы 40 миллион 239 795 сом бөлүштү.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: