Ош. Мектептерде жана бала бакчаларда жаныбарлардан жугуучу оорулардын алдын алуу иштери уюшулууда

Акыркы учурларда калк арасында, айрыкча балдар үчүн кооптуусу - жаныбарлардан жугуучу эхинококк, бруцеллёз, кутурма, сибирь жарасы жана кургак учук оорулары. Бул оорулардын алдын алуу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине аталган оорулар боюнча материалдар берилип, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык инспекциясынын жиберген катынын негизинде ишке ашырылды. Учурда аталган башкармалыкка караштуу 53 мектеп, 30 бала бакча иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.