Автор: Фред Рамос. 1-орун.
Сальвадор киши өлтүрүү боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Алардын көбү кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгү менен байланышкан. Көп учурда курмандыктардын өздүгүн табылган кийимдерден аныктоого мүмкүн.
Автор: Жон Тлумаки. 2-орун. Азыркы замандын көйгөйлөрү.
2013-жылы 15-апрелде Бостондо өткөрүлгөн марафондогу теракттык жардыруу.
Автор: Жон Тлумаки. 2-орун. Азыркы замандын көйгөйлөрү.
2013-жылы 15-апрелде Бостондо өткөрүлгөн марафондогу теракттык жардыруу.
Автор: Кристофер Ванегас. 3-орун.
Полиция кылмыш болгон жерге жетип келип, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. 8-мартка оогон түнү Сальтильо шаарында (Мексиканын түндүк-чыгыш бөлүгү) эстакаданын астынан 5 жансыз дене табылган. Атаандаш кылмыштуу топтор жана наркожазалоочулар бири-бирине ушундай "кабарларды" жөнөтүшөт. Мексикада өкмөт 2006-жылы наркожазалоочуларга каршы күрөшкө армияны аралаштыргандан бери 60 миңден кем эмес адам өлтүрүлгөн.
Автор: Тайлер Хикс.
2013-жылы 21-сентябрда Кениянын борбору Найробидеги "Вестгейт" соода борборунда бет кап кийген куралдуу адамдар ок атышкан. Бул абройлуу соода борборунда курчоонун жүрүшүндө 60 адам каза таап, 200 адам жаракат алган. Кол салгандардын төртөө өлтүрүлүп, бир нечеси кылмышка катыштыгы бар деп айыпталышкан.
Автор: Тайлер Хикс.
2013-жылы 21-сентябрда Кениянын борбору Найробидеги "Вестгейт" соода борборунда бет кап кийген куралдуу адамдар ок атышкан. Бул абройлуу соода борборунда курчоонун жүрүшүндө 60 адам каза таап, 200 адам жаракат алган. Кол салгандардын төртөөсү өлтүрүлүп, бир нечеси кылмышка катыштыгы бар деп айыпталышкан.
Автор: Таслима Ахтер.
Бангладеш. Имаратында беш фабрика орун алган "Rana Plaza`нын" урандыларынан табылган эки жансыз дене.
Автор: Таслима Ахтер.
Бангладеш. Имаратында беш фабрика орун алган "Rana Plaza`нын" урандысы.
Автор: Крис Марк Грат.
2013-жылы 8-ноябрда "Хайнянь" тайфуну Филиппиндин борбордук бөлүгүндөгү Висайи аралдарын жалмап өткөн. Укмуштуудай бороон-чапкын 6200 адамдын өмүрүн алып, 4 миллион адамды үй-жайсыз калтырган.
Автор: Крис Марк Грат.
2013-жылы 8-ноябрда "Хайнянь" тайфуну Филиппиндин борбордук бөлүгүндөгү Висайи аралдарын жалмап өткөн. Укмуштуудай бороон-чапкын 6200 адамдын өмүрүн алып, 4 миллион адамды үй-жайсыз калтырган.
Автор: Стив Уинтер.
АКШ. Акыркы 40 жыл ичинде пумалардын саны кескин кыскарган. Аларга көз салуу кыйын болгону менен, азыр аларды сактоо күч алган.
Автор: Мацек Набрдалек.
Польша. Николлет аттуу секелек кыз Варшавада өзүнүн төрт бир тууганы менен жашаган балдар үйүндө бөлмөнүн бурчунда отурат. Бир нече ай мурун алардын энеси Аня абакка камалган. Атасы болсо, соттун пикиринде, тийиштүү кам көрө албайт. Аня беш жылдан бери бекерчи эле, карызга батып, бир канча ирет сот иштерине катышып калган.
Автор: По Баррена.
Испания. Любна, Мароккодогу Тингир провинциясына (Бийик Атлас тоо чокусунун түштүгү) келген берберлик келинчек үйлөнүү үлпөтүн күтүп отурат. Берберлердин салтына ылайык, кыздын жүзүн болочок күйөөсүнөн мурун эч ким көрбөшү керек.
Автор: Брент Стёртон.
Батыш Бенгалдагы Вивеканан миссионердик мектептин көзү көрбөгөн альбинос-окуучулары жатаканасында сырткы келбетин көргөзүү учурунда.
Автор: Дени Делье.
Египеттик культуристтер энелери менен сырткы келбетин көрсөтүп сүрөткө түшүүдө. Бодибилдинг Египетте популярдуу. Кубаттуу жана булчуңдары гармониялык өрчүгөн эркектер менен алардын үй-бүлөлөрү сыймыктанышат.
Автор: Маркус Шрайбер.
Германия. Аялдын кайгылуу көз карашы.
Автор: Питер Ван Агтмель.
АКШнын 42 жаштагы Бобби Хенлайн 2007-жылы 7-апрелде өзүнүн төртүнчү ирет Иракка болгон иш сапарында Хамви менен баратып минага жарылган учурда жалгыз өзү гана аман калган. Анын бет сөөктөрү сынып, дене терисинин 40 пайызы күйүп жана сол колунун манжаларын кесип салууга туура келген.
Автор: Питер Ван Агтмель.
АКШнын 42 жаштагы тургуну Бобби Хенлайн 2007-жылы 7-апрелде өзүнүн төртүнчү ирет Иракка болгон иш сапарында Хамви менен баратып минага жарылган учурда жалгыз өзү гана аман калган. Анын бет сөөктөрү сынып, дене терисинин 40 пайызы күйүп жана сол колунун манжаларын кесип салууга туура келген.
Автор: Горан Томашевич.
2013-жылы 30-январда Сириянын Эркин армиясынын жоокерлери Дамасктын чет жагындагы Айн Тармадагы өкмөттүк көзөмөлдүк-өткөрүү пунктуна чабуул коюуну жетектешкен.
Автор: Горан Томашевич.
2013-жылы 30-январда Сириянын Эркин армиясынын жоокерлери Дамасктын чет жагындагы Айн Тармадагы өкмөттүк көзөмөлдүк-өткөрүү пунктуна чабуул коюуну жетектешкен.
Автор: Горан Томашевич.
2013-жылы 30-январда Сириянын Эркин армиясынын жоокерлери Дамасктын чет жагындагы Айн Тармадагы өкмөттүк көзөмөлдүк-өткөрүү пунктуна чабуул коюуну жетектешкен.
Автор: Робин Хеммонд.
Жаңы Зеландия. Кризистик аймактарда, талкаланган мамлекеттерде, качкындардын лагерлеринде күн кечирген адамдар жин оорусуна жана көптөгөн азаптарга дуушар болушат. Мамлекет же гуманитардык коом тарабынан камкордукка алынбаган психикалык жактан жабыр тарткан адамдар изоляцияда жашап, таш боор мамилеге кириптер болушат.
Автор: Маркус Близдейл.
Норвегиянын Лофотен аралдарында балык уулоочулар коомунун саны тездик менен азаюуда. Балык уулоочулук тиричилик ыкмасы катары элди өзүнө барган сайын аз тарта баштады.
Автор: Жефф Пашу.
Франциянын Межев жергесинде "Чоң Одиссеянын" этаптарынын бириндеги чана айдоочулар жарышууда.
Автор: Эмилиано Лазалвиа.
Аргентинанын Ачык биринчилигинде поло боюнча матч учурунда Пабло Макдонау аттан кулады.
Автор: Куин Руни.
Испаниянын Барселона шаарындагы суудагы спорттун түрлөрү боюнча биринчиликтин катышуучулары. Спортчулар мелдеш алдында машыгууда.
Иш-чарага Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл, Нидерланды Падышачылыгынын консулу Елена Юн, “World Press Photo-2014” көргөзмөсүнүн жетекчиси Эрика Де Крайф жана башкалар катышышты.