Жумгал районунда үч тургунду бычактаган жаран кармалды
Жумгал районунда үч тургунду бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-январында болгон. Анда Миң-Куш айылынын 1993-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну мас абалында үч жаранды бычактап салган. Анын кесепетинен 1990-жылы туулган Н.Уланов каза тапса, 1977-жылкы Т.Т. жана анын аялы, 1982-жылкы Б.О. жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми кылмышка шектүү ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
vangolu

12.01.2015. 08:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичинекей бала озунон улууларды бычактап коюптур
windom

12.01.2015. 08:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин кырчындай жаш куракта бироо оо дуйного сапар тартса,бироо абакты коздой сапар тартып...тан атпай жатып олкобуздо суук кабар ээххх...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.