Хорватиядагы президенттик шайлоодо оппозиция өкүлү Колинда Грабар-Китарович жеңишке жетти
46 жаштагы Колинда Грабар-Китарович Хорватиянын биринчи жолку аял президенти


46 жаштагы Колинда Грабар-Китарович Хорватиянын биринчи жолку аял президенти

Иво Йосипович
10-январда Хорватиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозиция өкүлү Колинда Грабар-Китарович жеңишке жетти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 98 пайызы катышып, добуштардын 80 пайызы саналып бүткөнүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жыйынтыгында добуштардын 50,54 пайызы Грабар-Китаровичке, 49,46 пайызы мамлекет башчысы Иво Йосиповичке берилген. Йосипович жеңилгенин расмий түрдө жарыялап чыкты.
Грабар-Китарович - Хорватиянын 4-мамлекет башчысы. Ал 2005-жылдан 2008-жылга чейин өлкөнүн тышкы иштер министри болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

