super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева 10-январда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар К.Какиева жана Б.Бакытбеков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө К.Какиева жана Б.Бакытбеков Дамира Ниязалиевага бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Жарандар тарабынан көтөрүлгөн негизги көйгөйлөрдүн катарына турак жай, ипотекалык насыя төлөө боюнча жеңилдиктерди алуу, дарыланууга жана медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле айрым объектилердин санитардык абалы боюнча маселелер кирет.

Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү талкуулоо жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Д.Ниязалиева тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө кабыл алуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: