Ош. Эстакадалык көпүрөнү куруунун алкагында унаалар жана жөө адамдар жүрүүчү эски көпүрөлөрдү бузуу иштери жүрүүдө













Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү асма көпүрөнү куруу иштери токтоосуз, толук кандуу жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын шаар курулуш, муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовго шилтеме берип мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, автоунаалар жана жөө адамдар жүрүүчү эски көпүрөлөрдү бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.
“Көпүрөнү куруу үчүн үч бригадада квалификациялуу адистерден турган 68 жумушчу, атайын транспорттордо иштеген 10 адам эмгектенип жатат. Ал эми техниканын 10дон ашуун ар кандай түрү иштеп жатат. Алар асма көпүрөнүн беш тирөөчүнүн пайдубалын толук бүткөрүштү. Мындан сырткары көпүрөнүн №12-таянычтарынын колонналары монолит түрүндө куюлуп бүттү”,- деди А.Пирматов.
Эске салсак, мэрия тарабынан курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн 3 этаптан турган долбоорлоо жана курулуш иштерин аткарууга 669,6 миллион сом акча каражаты каралган, анын 115 миллион сому Ош шаарынын мэриясынын Жолдор башкармалыгына келип түшүп, курулуш иштерине сарпталып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
kg-zzzzz

12.01.2015. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул копуроо бутсо аябай загруженный болотта ошончо нагрузканы котороталатбекен ушуш ничке стойкалары кудай эле сактасында
kama_future_millioner

12.01.2015. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис Мырзакматов болгондо ушул көпүрөбүзда бүтмөк
Doniko

13.01.2015. 03:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча курганга жараша бекем болсун да 1-2 жылга жетпей кулап калса кайран мээнет кайран акча эми уубакыт коргозот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.