super.kg logo

“Ойдон чыгарылбаган жашоодогу окуялар” аттуу онлайн-фотосынакта актёр Мирлан Абдулаев 1-орунду ээледи

 
"Ойдон чыгарылбаган жашоодогу окуялар" онлайн-фотосынагында актёр Мирлан Абдулаев 1-орунду ээледи.
Мирлан Абдулаевдин 1-орунга татыган эмгеги. "Бул сүрөттө бала өзүнүн карындашы менен мал айдап бара жатат. Анткени бул үй-бүлөдөгү чоң адамдар чет жерге акча тапканы кетишкен. Айылда карылар жана балдар гана калышкан",- дейт автор.
Сүрөттүн автору Мирлан Абдулаев: “Түштүк жакта, деги эле Кыргызстандын башка аймактарында эмгекке жарамдуу калк жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө акча табуу максатында иштегени кетишкен. Ушундан улам айрым аймактарда көбүнчө карылар жана балдар калышат. Бул сүрөттө кичине кыз агасына мал айдап, жардам берүүдө”.
Сүрөттүн автору Мирлан Абдулаев: “Биз бул адамдын мурда ким болгонун билбейбиз, бирок колундагы мээлейи көптү айтып турат”,– дейт.
Көргөзмөнүн катышуучулары.
“Ойдон чыгарылбаган жашоодогу окуялар” онлайн-фотосынагында 2-орунду багынткан Артур Болжуров.
Татьяна Эсауленко интернетте жүргүзүлгөн добуш берүүдө "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" сыйлыгына арзыды.

10-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “World Press Photo-2014” эл аралык фотокөргөзмөсүнүн ачылыш аземинде “Ойдон чыгарылбаган жашоодогу окуялар” аттуу онлайн-фотосынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул сынакта ар кыл талант ээси, актёр, телеалпаруучу, өзүн режиссёр катары да сынап келген Мирлан Абдулаев 1-орунду багынтты. Бул орунду аталган актёр Айпери Жанызакова менен бөлүштү. Ал эми 2-орунга Артур Болжуров татыса, 3-орунду Гладис Темирчиева ээледи. Ошондой эле Татьяна Эсауленко интернетте жүргүзүлгөн добуш берүүдө "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" сыйлыгына арзыды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарылды. 

"Эми менин эмгегим 1-орундун ээси катары "World Press Photo" эл аралык сынагынын алкагында дүйнө жүзүнө саякаттайт",- дейт толкунданган Мирлан Абдулаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: