super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу: "Түркиялык компания "Ак-Кеме" мейманканасын 5 жыл мыйзамсыз иштетип келген"

 

"Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча маселеге президент Алмазбек Атамбаев чекит коюшу керек". Муну укук коргоочу Токтайым Үмөталиева 12-январда маалымат жыйында айтты. Анын айтымында, түркиялык компаниялардын бири “Ак-Кеме” мейманканасын 5 жыл мыйзамсыз иштетип келген. 

“Түркиялык компания “Ак-Кеме” майманканасынан айрылып калгандан кийин “Кыргыз алтын” ишканасынын акцияларын камакка алып, Кыргызстанды 11 миллион доллар доого жыгып койду. Бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин эки фракциясы жана бир комитетинин чечими чыккан. Бирок спикер андан баш тартууда. Эгерде эртең бир нерсе болсо, президент жооп берет. Анткени мамлекет башчы Кыргызстандын тышкы саясатын тескеп турат”,- дейт укук коргоочу. 

Айта кетсек, түркиялык компаниялардын бири "Кыргыз алтын" ишканасын сот аркылуу 11 миллион доллар доого жыгып, ал акчаны өкмөт которуп берген.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: