Кыргызстанда 2014-жылы 1294 жумушсуз жаран өкмөттүн микрокредиттик агенттигинен насыя алган
Кыргызстанда 2014-жылы 1294 жумушсуз жаран Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин облустук микрокредиттик агенттиктеринен насыя алды. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу бир топ төмөн экенин аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Алган насыяларын жумушсуз жарандар тигүү цехин ачууга, элдик кол өнөрчүлүккө, чакан тегирмен курууга, соодага жана тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөргө, автоунаа оңдоочу жай ачууга жана айыл чарба иштерине жумшашты",- деп айтылат маалыматта.
2015-жылдын 1-январына карата акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга убактылуу ишке орношууга 24 800 адам жиберилгени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

