Алмазбек Атамбаев "Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан 12-январда билдиришти. Мыйзамдын максаты - товар алмашуу (бартердик) операцияларга жана кошумча нарк салыгын эсептөө ыкмаларын колдонууга байланышкан бюджетке төлөмдү эсепке киргизүүдө колдоно турган кошумча нарк салыгын эсептөөдөгү так эместиктерди жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.
Ошондой эле мыйзам менен киргизилип жаткан түзөтүүлөр 2014-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан салык укук мамилелерине тиешелүү экендиги белгиленет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

