super.kg logo
  Спорт  

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдешке 10 мамлекеттин мушкерлери катышат

 

28-январдан 1-февралга чейин Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады.

Маалыматка ылайык, 38-ирет уюшулуп жаткан мелдеш Д.Шопоковдун 100 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына туура келип, жогорку уюшкандыкта өткөрүлмөкчү. “Буга чейин болуп көрбөгөндөй, быйыл мелдешке 10 мамлекеттин спортчулары келишет. Биринчи жолу Таиланд, Монголия, Эстония жана Литва мамлекеттери катышууга макулдугун беришти. Жалпысынан 160 мушкердин катышуусу күтүлүүдө”,- деди А.Бекболотов.

Кошумчалай кетсек, мелдеш ошол эле учурда Олимпиадага жолдомо берүүчү мелдештерге даярдык иретинде өткөрүлүүдө. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен мелдештин уюштуруу иштерине 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. 

Катыша турган улуттук курамалар: Казакстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Таиланд, Монголия, Эстония, Литва, Кыргызстан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: