Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миллиард 10 миллион метр кубга аз

12-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 854 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миллиард 10 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 159 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 151 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 576 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 769 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 12-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 864 миллион метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kadamjai1977

13.01.2015. 01:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озбектерге кобуроок саткыла.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.