super.kg logo

Казакстандык белгилүү дарыгер, академик Мухтар Алиев 81 жаш курагында дүйнө салды

 

Бүгүн, 12-январда Казакстандын Эл Баатыры, белгилүү дарыгер, академик Мухтар Алиев 81 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, Мухтар Алиев - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кудасы. Анын уулу Рахат Алиев Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаевага үйлөнгөн болчу. Кийин Р.Алиев "эки банкирдин өлүмүнө тиешеси бар" деп шектелип, 2014-жылдын июнь айынан бери Австрияда камакта отурат. Ал эми Р.Алиев Казакстандын Венедагы элчиси болчу жана кайын атасынын саясатын ачык сындай баштагандыгы үчүн айыпталып жаткандыгын жана өзүнүн күнөөлүү эместигин айтып келет. Казакстан Р.Алиевди эки жолу экстрадициялоо аракетин көрүп, бирок ал ишке ашкан эмес. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнатам сен жакшы деп жашай берсе болот эле го, турмодо жанын оорутбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: