Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо министрин сынга алды
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдагы пландарынын аткарылбагандыгы үчүн министр Талантбек Батыралиевди сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда билдирди. "Өткөн жылдагы энелердин жана балдардын өлүмү 2013-жылга салыштырмалуу көп. Биз 21-кылымда жашайбыз. Бул биздин мезгил үчүн өтө жогору. Андан сырткары жандандыруу бөлүмүнө таандык унаа жана рентген аппараттарды сатып алуу боюнча тендерди кайрадан өткөрүү керек",- деди Оторбаев.
Өкмөт башчы министр менен жолугушууда министрликтин 2014-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2015-жылга карата аткарыла турган иш пландарын талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

