Депутат эгин талааларын камышка бастырбоо үчүн бюджеттен акча бөлүүнү сунуштады
“Дыйканчылык талааларындагы камышты жок кылбасак, 5-6 жылдан кийин айдоо жерлердин көбүн басып калат” . Мындай пикирди бүгүн, 6-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Нурбек Мурашев билдирди. Анын айтымында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында камыш көбөйүп, талаалардын көбүн басып бара жатат. “Чегирткени жок кылууга акча бөлүнгөндөй эле камышты азайтууга да акча бөлүш керек” - деди депутат. Ал эми Айыл чарба министри Чыңгысбек Узакбаев: “Быйыл камышты жок кылууга атайын акча бөлүнгөн жок, бирок мелиоративдик начар жерлерге 43 миллион 900 миң сом каралды же быйыл 14 миң гектар жер жакшыртылат”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

