super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөдө "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы 46 долларга түштү

 
"Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы төмөндөөнү улантууда. 13-январда лондондук ICE биржасында (Бишкек убактысы боюнча саат 07:00дө) аталган үлгүдөгү мунайдын баррели 1,5 пайызга төмөндөп, 46,72 долларга чейин түшкөнү чет элдик маалымат булактары аркылуу жарыяланды. WTI үлгүсүндөгү мунайдын баррели 1,39 пайызга арзандап, 45,43 долларга түштү. Бул 2009-жылдан бери катталган эң төмөнкү баалар.  
Мунайга болгон баалардын мындай түшүшү АКШда жаңы мунай кендеринин ачылганы тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу болуп жатканын айтышат адистер. Фьючерстик рыноктун өкүлдөрү аталган кендерден кошумча мунайдын келерин күтүшүүдө. 
Эксперттердин айтымында, жакынкы үч ай аралыгында "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы 42 долларга, WTI үлгүсүндөгү мунайдын баррели 41 долларга түшөрү күтүлүүдө. Бирок мунайдын арзандашы Кыргызстандагы бензин бааларына олуттуу таасир тийгизе албай жатат (толугураак бул жакта). 
Эскерте кетсек, "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели 2014-жылдын 15-декабрында 63 доллар болчу.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: