Нарындын Орток айыл өкмөтүнө спортзал куруу сунушу парламент депутатына айтылды
Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Миртемир Турдалиев жана Таш-Башат айылдык кеңешинин депутаттары 12-январда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушту.
Жолугушууда алар Орток айыл өкмөтүнө караштуу төрт айылдын мектептеринде спортзалдар курулбаганын, окуучулар, айыл жаштары үчүн дене тарбия саатын өтүү, спорт менен машыгуу кыйынчылык жаратып жатканын айтышты. Турсунбеков көйгөй менен тааныш экенин билдирип, муну өкмөт менен бирге карап чыгарын билдирди.
2012-жылы аталган айылга спорттук комплекс куруу сунушу республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренесине кирип, долбоору чийилген, бирок акча тартыштыгынан курулуш иштери баштала электиги айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

