super.kg logo
  Саясат  

Электр энергиясынын тарифтери 700 киловаттан ашыкча пайдалангандар үчүн гана арзандайт

 
Кыргызстанда 2014-жылдын 11-декабрынан бери электр энергиясын пайдалануу жаңы тарифтер менен эсептелүүдө. Алар төмөнкүдөй: 

 

    №

Пайдалануучулар тобу

Ченөө бирдиги

Тарифтер 

1.

Калк (айына 700 кВт-саатка чейин пайдаланса)

кВт-саат

70 тыйын

 

Калк (700 кВт-сааттан ашык пайдаланылган электр энергиясы үчүн)

кВт-саат

2 сом 5 тыйын

2.

Насостук станциялар

кВт-саат

72,8 тыйын

3.

Өндүрүш мекемелери

кВт-саат

2 сом 19 тыйын

4.

Бюджеттик пайдалануучулар

кВт-саат

2 сом 19 тыйын

5.

Айыл чарба тармагында пайдалануучулар

кВт-саат

2 сом 19 тыйын

6.

Башка пайдалануучулар  

кВт-саат

2 сом 19 тыйын

Жакында өкмөт электр энергиясынын тарифтери арзандай турганын жарыялады. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянсак, баалар электр энергиясын айына 700 киловаттан ашык пайдаланган жарандар, өндүрүш, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн гана арзандайт. Калгандары азыркыдай бойдон калат. "Анткени бул тарифтердин курамына Казакстандан импорттолгон электр энергиясы кирет. Импорттук электр энергиясын пайдалануу азайгандыктан, февраль айынан баштап баалар 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 2 сом 5 тыйындан 1 сом 82 тыйынга төмөндөйт. Ал эми өндүрүш, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тарифтер 2 сом 19 тыйындан 1 сом 97 тыйынга түшөт",- деп билдиришти мекемеден. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: