super.kg logo

Кыргызстандык жаран Бостондогу террордук актка байланыштуу күнөөсүн моюнуна алууга даяр

 
Кыргызстандын жараны Хайрулложон Матанов 2013-жылы АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга байланыштуу өз күнөөсүн моюнуна алууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда АКШнын прокуратурасына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга таянсак, такси кызматында иштеген Х.Матанов аталган терактка негизги шектүү ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдердин досу болгон. "Сурак берүүдө Матанов Царнаевдер менен анча жакын тааныш эмес экенин айткан. Ал Бостондо жардырууларга бир нече саат калганда алар менен тамактангандыгын тергөөчүлөргө билдирген эмес. Матановдун жактоочулары азырынча маалымат бербей жатышат. Ал эми соттук угуулар канча болору аныктала элек",- деп жазышты басылмалар.
Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Мындан тышкары 2014-жылдын 2-июнунда “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матанов колго түшүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган. Буга чейин ал террордук чабуулга негизги айыпталуучулар Жохар жана Тамерлан менен достук мамиледе болгонун айтып, бирок суракта муну танган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: